КР Президентинин «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы тууралуу маалымат
25 февраль

КР Президентинин «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрындагы “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылган. Азыркы учурда ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат, тиешелүү сунуштарды даярдап, мамлекеттик органдарга бекитүүгө жөнөттү.

Иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардын негизги пункттарынын бири болуп 2025-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген автотранспорт каражаттары гана легалдаштырылууга тийиш деген жобо саналат.

Документте төмөнкүлөр каралган:

  • белгиленген тартипте мамлекеттик алымды төлөө;
  • легалдаштырылган автоунааларды үчүнчү жактарга сатууга жана ишенимди өткөрүп берүүгө тыюу салуу;
  • техпаспортто көрсөтүлбөгөн адамдардын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Жарлыктын жоболору 2025-жылдын 1-январына чейин өлкө аймагына ташылып келинген автоунааларга гана тиешелүү экенин жарандарга жана автодилерлерге эскертет.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин оң рулдуу унааларды ташып келүүнү пландаган адамдар, алар легалдаштыруу механизмине кирбей турганын эске алышы керек.

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга укук белгилөөчү документтери жок же келип чыгышы күмөндүү унааларды сатып алуудан баш тартууну сунуштайт.