Ноокатта мал уурдаганга шектүү кармалды
2025-жылдын 4-июнь күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда мал сарайында кармалып турган 1 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 100 000 (жүз миң миң) сомду түзөт.
Ушундай эле арыз менен 1992-жылы туулган дагы бир жаран арыз менен кайрылып, башкача айтканда 1 баш кочкорун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Ноокат РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү 1982-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата издөө жарыяланган.
2025-жылдын 14-октябрь күнү шектүү Ж.А. Жалал-Абад облусунда из жашарып жүргөн жеринен кармалып, камакка алынган.
Учурда кылмыш иши тергелип, соттун кароосуна жиберилди.
