ИИМ чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандары менен өз ара байланышты чыңдоодо
Корея Республикасынын Чоллабук-до провинциясынын Чонджу шаарында жайгашкан Чонбук чет өлкөлүк жумушчуларды колдоо борборунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Корея Республикасындагы өкүлү «Даткайым» кыргыз диаспоралык уюмунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын жарандарына жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Чоллабук-до жана Чолланам-до провинцияларында жашап, иштеп жаткан кыргыз эмгек мигранттары, студенттер, Корея Республикасынын жарандары менен никеде турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Чонджу шаарынын полиция өкүлдөрү жана Борбордун кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун, экстремизмдин, терроризмдин, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын жарандары кылмыштардын курмандыгы болгон учурларда Корея Республикасынын ыйгарымдуу органдарына кайрылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү механизмдери боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, эмгек жана социалдык укуктарды коргоо, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чаранын алкагында Чонджу шаарынын полиция өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле чет өлкөлүк мигранттарды коргоо борборунун өкүлдөрү кыргыз эмгек мигранттарына акысыз консультациялык жана укуктук жардам көрсөтүү механизмдери, эмгек талаш-тартыштарын чечүү тартиби жана тиешелүү учурларда өз ара аракеттенүү жолдору тууралуу маалымат беришти.
