Чүй облусунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды
2025-жылдын 2-ноябрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 1957-жылы туулган Ш.В. атту жаран белгисиз адамдарга чара көрүүп берүүнү суранып арызы менен кайрылган. Ал, арызында ошол эле күнү болжол менен саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар кара түстөгү беткап кийип, Беловодское айылында жайгашкан анын үйүнө кирип, металл буюмун колдонуу менен күч колдонуп, Samsung маркасындагы кара түстөгү плазмалык телевизорун уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин («Каракчылык») белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелген жарандар – 1996-жылы туулган Ш.А. жана 1994-жылы туулган Д.А. аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.
