«Дем алыш күндөрү иштебейт» – депутат Маматалиев Бишкектеги жол оңдоп-түзөө иштерине нааразы
28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштеринин сапатына жана уюштурулушуна нааразы экенин билдирди.
Ал борбордо көптөгөн жолдор оңдолуп жатканын белгилеп, бирок жумушчулар дем алыш күндөрү иштебей, ишти кечеңдетип жатышканын сындады.
«Асфальт төшөп жатышат, бирок Медеров көчөсүнө чейин жетпейт. Дем алышта иштебей коюшат, кадимкидей кеңсе кызматкерлери сыяктуу. Же болбосо эртең мененки саат ондо эле “жумуш бүттү” деп кетип калышат. Менимче, Бишкек үчүн өзгөчө мамиле болушу керек», – деди депутат.
Ошондой эле Маматалиев жол оңдоо иштеринен кийин кайрадан казылып жаткан учурларга токтолуп, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
«Асфальт төшөлөт, бирок көп өтпөй кайра казылып калат – мындай болбошу керек», – деп кошумчалады ал.
