Кыргызстан Борбордук Азиядан келген жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүүнү демилгеледи
31 июль

Кыргызстан Борбордук Азиядан келген жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүүнү демилгеледи

Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусунда билдирди. 

Мамлекет башчысы Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевге демилгени колдоого алгандары үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Мамлекеттерибиздин тышкы саясий ведомстволоруна макулдашылган позицияларды иштеп чыгуу үчүн консультацияларды активдештирүү боюнча тапшырма берүүнү сунуштайм», – деди президент.

Анын айтымында, Борбордук Азия жана Азербайжан туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ.

Садыр Жапаров аймак чет элдик саякатчыларга байыркы шаарлардын уникалдуу мурастарын, Улуу Жибек жолунун эстеликтерин, тоолуу жана көлдүү кереметтүү жаратылыш аймактарын, улуттук каада-салттарды жана маданий ар түрдүүлүктү сунуштай аларын белгиледи.