Кыргызстан Эл аралык нотариат союзунун мүчөсү болду
Кыргызстандын Нотариалдык палатасы Эл аралык нотариат союзуна расмий түрдө кошулуп, уюмдун 93-мүчөсү болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чара Берлинде 2025-жылдын 2–4-октябрында өтө турган XXXI Эл аралык нотариустар конгрессинин алкагында өткөрүлдү.
Кыргызстандын Эл аралык нотариат союзуна (ЭНС) мүчөлүгү улуттук нотариаттын эл аралык кадыр-баркын бекемдейт, нотариалдык документтердин чет өлкөлөрдө таанылышын камсыздайт жана жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн кошумча кепилдиктерди түзөт.
Ошондой эле мүчөлүк эл аралык тажрыйбага жана алдыңкы практикага жеткиликтүүлүктү ачып, нотариалдык системаны модернизациялоого жана инвесторлордун ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Союзга кошулуу кыргыз нотариустарынын кесипкөйлүгүн чагылдырат жана өлкөнүн дүйнөлүк укуктук коомчулукка интеграцияланышынын маанилүү кадамы болуп саналат.
