Кыргызстанда бир жумада 22,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 11нен 17-августка чейинки аралыкта жол эрежелерин бузган 22 миң 294 факты катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 893;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу – 290;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 170;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 845;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 937;
- Автоээнбаштык – 49;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 454;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 527;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 097 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
