Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта таза суу жок болот. Карта
18 август

Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта таза суу жок болот. Карта

Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин  таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ахунбаев көч. - Тыналиева көч. - Курчатов көч. - Миңжылкиев көч.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.