Бирөө каза болуп, үчөө жабыркады. Бишкек – Ош трассасында жол кырсыгы катталды
29 май

Бирөө каза болуп, үчөө жабыркады. Бишкек – Ош трассасында жол кырсыгы катталды

Бишкек–Ош унаа жолунун 111-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. Окуя 28-майда болжол менен саат 15:15те болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Honda CR-V үлгүсүндөгү жеңил унаа түштүктөн түндүктү карай бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки минивэнди сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү жеринде каза болуп, дагы үчөө ар кандай жарааттарды алышкан. 

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, кырсык боюнча териштирүү иштери башталды. 

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.