Түркмөнстандын ТИМ башчысы Кыргызстанга келди
Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын жетектеп, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
«Манас» эл аралык аэропортунда конокту жана аны коштогон делегацияны КР тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.
Cапардын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуу пландаштырылган.
