Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрынан 10-октябрына чейинки аралыкта Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында (Боом капчыгайынын аймагы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИ маалымдайт.
Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.
Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.
