Бишкекте Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 5-сентябрга чейин жабылат
6 август

Бишкекте Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 5-сентябрга чейин жабылат

Бишкек шаарында 7-августтан 5-сентябрга чейин Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, реабилитациялоонун алкагында Л.Толстой көчөсүнүн Матыева көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мэрия шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.