3 октябрь

Бишкектин Волков көчөсүн оңдоо иштери башталды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Волков көчөсүн Садыгалиев  көчөсүнөн Кустанай  көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Мэриядан кабарлашкандай, учурда эски асфальт алынып, жерди казуу иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин бардык этаптары аяктагандан кийин бул тилкеде жол толугу менен жаңыланып, жаңы тротуар  жана сууну агызуучу ирригациялык система курулат.