Кызыл-Кыя шаарында Жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылды
Бүгүн, 22-декабрда Кызыл-Кыя шаарында Жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылды. Майрамдык иш-чара шаар борборундагы аянтта өтүп, шаар тургундарына жана келген конокторго өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Балатыны жандыруу аземине Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы А. Мурзаев, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Иш-чарада Алтынбек Бектуров жана Асилбек Мурзаев жалпы элди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, өткөн жыл Кызыл-Кыя үчүн ийгиликтерге толо жыл болгонун баса белгилешти. Ошондой эле жаңы жылда өлкөгө тынчтык, биримдик, өсүп-өнүгүү, ар бир үй-бүлөгө молчулук жана бакубат жашоо каалашты.
Балатынын чырактары жанган соң, борбордук аянтта майрамдык концерт башталып, маданият кызматкерлери даярдаган концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланды.
