Кыргызстанда 2024-жылы региондук жана муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн 4 жолу ачык сынак жарыяланды
25 февраль

Кыргызстанда 2024-жылы региондук жана муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн 4 жолу ачык сынак жарыяланды

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан даярдалган долбоорлордун ичинен 27 ченемдик укуктук акт кабыл алынды. 

Аталган агенттиктин маалыматына караганда, алардын алтоосу мыйзамдар. Басымдуусу административдик-аймактык реформага багытталган. 
Ошондой эле, агенттик Президент тарабынан кадрлар резервин түзүү жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү, саясий мамлекеттик жана муниципалдык, атайын кызмат орундарын бекитүү, жергиликтүү кеңештердин ишин жөнгө салуу жана географиялык аталыштарды бекитүү жаатында 
жети  Жарлыкка кол коюлганын билдирди.

«Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде аткаруу органдарынын ишин уюштуруу, кызматчыларды окутуу жаатында КР Министрлер Кабинети тарабынан 14 токтом кабыл алынды», – деп айтылат маалыматта.  

Ошондой эле, 2024-жылы региондук жана муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн 4 жолу ачык сынак жарыяланды. Учурда анда 2 759 позицияга 1692 адам турат. Алсак, региондук кадрлар резервиндеги 346 талапкер 601 позицияга киргизилди. Алар акимдердин, район жетекчисинин экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлер. 

Агенттик белгилегендей, муниципалдык кадрлар резервине 1 346 киши 2 158 позицияга киргизилди. Алар республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундары үчүн көрсөтүлө турган талапкерлер.