Алай районунда «Мурдаш–Согонду» жаңы каналы курулууда
3 октябрь

Алай районунда «Мурдаш–Согонду» жаңы каналы курулууда

Алай районунда айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана сугат жерлерин кеңейтүү максатында Мурдаш–Согонду жаңы сугат каналынын курулушу жүрүп жатат. Бул канал аркылуу азыркыга чейин пайдаланылбай келген 350 гектар кайракы жер өздөштүрүлүп, биринчи ирет суу менен камсыздалат.

Долбоорду Алай райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырып жатат. Жаңы каналдын курамында заманбап полиэтилен трубопроводдор орнотулуп, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон инженердик-техникалык чечимдер колдонулууда.

Орнотулуп жаткан трубопроводдордун жалпы узундугу – 15 000 метр. Суу өткөрүү  жөндөмдүүлүгү – 0,5 м³/сек. түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын 20-августунда башталып, 2026-жылдын 30-ноябрына чейин аяктайт деп пландалган.

Бул долбоор суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылып, региондогу айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүдө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.