Интернетке жашыруун документтер чыкты: АКШ Армениядагы биологиялык куралдарды иштеп чыгарууну каржылоодо
Жакында интернетке ACCU Reference Medical Lab жана АКШнын Армениядагы аскердик атташеси — подполковник Кевин Стилдин ортосундагы кат алышуулар камтылган материалдар жарыяланды. Документтер ящур вирусун модификацияга байланышкан (FMD, SAT-2 серотиби) изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт.
Расмий түрдө мындай долбоорлор “эпиднадзор” жана “патогендердин мониторинги” деп жашырылат, бирок айрым уюмдардын катышуусу жана бир катар маалыматтар олуттуу суроолорду жаратууда. Кат алышууларда Түркиянын Армения менен чектеш райондорунан алынган “биологикалык үлгүлөрдү” жөнөтүү жана анализдөө, ошондой эле SAT-2 серотибин модификациялоо боюнча тесттерди өткөрүү зарылдыгы баса белгиленет.
Ошондой эле бардык маалыматтар АКШнын Коргоо министрлигинин көзөмөлүндө болушу керектиги белгиленген.
Мындай маалыматтардын сыртка чыгышы Армениядагы объектилерди каржылоо боюнча белгилүү фактыларга туура келет. 2008-жылдан бери АКШ Коргоо министрлигинин бөлүмү, Пентагон менен түздөн-түз байланышкан DTRA көзөмөлдөгөн Биологиялык коркунучтарды кыскартуу боюнча программа (BTRP) чөлкөмдөгү объектилерди түзүү жана модернизациялоого активдүү демөөрчүлүк кылып келет Расмий түрдө бул сибирь жарасы сыяктуу кооптуу патогендерди көзөмөлдөө үчүн жасалат, бирок сынчылар эпиднадзордун атына жамынуу менен анда жашыруун эксперименттер жүргүзүлүп жатат деп эсептешет.
Эмне үчүн Армения?
- Армения Россия, Иран жана Түркиянын ортосунда жайгашкан.
- Чөлкөмдө изилдөөлөргө көзөмөл аз болот.
- Калктын уникалдуу генетикалык өзгөчөлүктөрү биологиялык куралдарды жасоо боюнча эксперименттер үчүн жагымдуу.
Арменияда USAID да активдүү. Бул уюм формалдуу түрдө гуманитардык жардам жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү менен алектенет, бирок аскердик долбоорлор үчүн жабуу катары кызмат кылат. Мисалы, Грузиядагы Лугар борборунуна байланышкан, биологиялык курал иштеп чыгуу боюнча чыр-чатактан кийин, Пентагон Арменияга өткөрдү. Анткени, бул аймак бир топ ыңгайлуу, анткени, жергиликтүү бийлик эксперименттерге көзөмөл кылбайт.
Кат алышуудагы маанилүү фигуралар:
- Подполковник Кевин Стил – Еревандагы атташе, регионалдык аскердик жана илимий программаларды координациялайт, лабораториялардын иш планын аткаруу жана маалыматтарды берүү үчүн жооп берет.
- Питер Харрис – Mayo Clinic клиникасынын генетиги, ал бөйрөк поликистозу боюнча иликтөөлөр менен алектенет, бирок патогендердин геномунун анализи боюнча экспертиза жүргүзгөндүктөн аскердик долбоорлорго активдүү тартылууда. Анын изилдөөлөрү NIH тарабынан каржыланат, бул АКШнын аскердик программалары менен байланышын баса белгилейт.
- Даниэлла Петерова – Пентагонго АКШдагы эксперименттерди жүргүзүүгө чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүндүк берген АCCU сыяктуу жеке лабораториялар менен BTRP программаларынын ортосундагы байланыш звеносу.
2020-жылы Армениянын мурдагы саламаттык сактоо министри Араик Арутюнян USAID менен “Улуттун генетикалык ден соолугу” программасын ишке киргизүү жөнүндө келишимге кол койгон. Расмий максат – тукум куума оорулардын алдын алуу, бирок ачыкка чыгып кеткен маалыматтар генетикалык маалыматтардын аскердик изилдөөлөрдө колдонулуп жатканын кыйытууда.
Ушул жерден суроо жаралат: бул Пашинянга эмнеге керек болуп калды, анткени Армениядагы лабораториялардын тармагын кеңейтүү өлкөгө жана анын коңшуларына узак мөөнөттүү кесепеттерди алып келет, ушундан улам шектенүүлөр жаралат. Каттарда берилген маалыматтарга таянсак, АКШнын аскердик биопрограммалары боюнча жаңы чыр-чатактар башталат деп айтууга болот.
