Түркмөнстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
Ушул жылдын 25-26-февралында Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болот, анын алкагында кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.
