Ат-Башыдагы Ача – Кайынды – Май – Босого унаа жолу асфальтталууда
10 сентябрь

Ат-Башыдагы Ача – Кайынды – Май – Босого унаа жолу асфальтталууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача – Кайынды – Май – Босого унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда 43-45-чакырымдар аралыктын 750 метр жерине асфальт басылды.

Белгилей кетсек, быйыл жай айларында жогоруда аталган жолдун 2 чакырым (14–16- чакырымдар аралыгы) тилкесине асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

Жүргүзүлүп жаткан жумуштар жол инфраструктурасын жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт.

Жумуштар министрликке караштуу № 20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.