Куванычбек Конгантиев үй камагына чыкты
Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Ал үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Конгантиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалып турган. Ал 2026-жылдын 11-мартында жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган жана аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланган деген шек менен кармалган.
12-мартта сот ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган.
Кармалганга чейин Конгантиев социалдык тармактарда ага жакын адамдардын атына катталган активдери тууралуу айтылган видео тарагандан кийин депутаттык мандатын тапшырган.
Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңешке №21 бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Парламентте ал «Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунун курамына кирип, өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетти жетектеген.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
