Кыргызстанда 32 жаңы медициналык имарат курулууда
14 июль

Кыргызстанда 32 жаңы медициналык имарат курулууда

Быйыл Кыргызстанда 32 жаңы медициналык имарат курулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Анын айтымына караганда, мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө.

Мисалы,

  • 2021-жылы саламаттыкты сактоого 26, 3 млрд сом кеткен.
  • 2024-жылы ал дээрлик эки эсе өсүп, 42 млрд сом болду.
  • 2025-жылга 49,6 млрд сом каралган.

Бул жөн эле сандар эмес, ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө жакшы, сапаттуу медициналык жардам алышы керек деген максат.

Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат:

  • Бишкекте – 5
  • Талас облусунда – 2
  • Ош облусунда – 6
  • Чүй облусунда – 3
  • Ысык-Көлдө – 4
  • Жалал-Абад облусунда – 9
  • Нарын облусунда – 2
  • Баткен облусунда – 1.