Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара менен кармалды
25 февраль

Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара менен кармалды

Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Ш.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үч фазалуу системанын энергиясын орнотуу үчүн 30 миң сом акча каражатын опузалап жаткан Кадамжай районунун электр тармагынын кызмат адамына чара көрүүнү суранган. 

Бул факт боюнча Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. 

 2025-жылдын 21-февралында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, опузалоочунун көрсөтмөсү менен электрондук эсепке 30 000 сом акча каражаты которулгандыгы жана аны Кадамжай районунун райондук электр тармактарынын(РЭТтин) актылары боюнча 1981-жылы туулган Х.М. аттуу башкы инженер алгандыгы аныкталган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде 1981-жылы туулган Х.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.