Бишкекте Киев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
www
26 июнь

Бишкекте Киев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы буга чейин Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдаган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Учурда ишкананын адистери  тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен реконструкциялоонун алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Реконструкциялоо иштери инженердик коммуникацияларды жаңылоо жана алдыдагы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.