Жерлер мамлекетке кайтарылууда: Балыкчыда ижарага берилген жер тилкелери текшерилүүдө
Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев шаардык кеңештин депутаттары ижарага алган жер тилкелерин мамлекеттин балансына өткөрүү процесси башталганын билдирди.
Шаардын аймагындагы жерлер 15, 25 жана 49 жылга чейинки мөөнөттөргө ижарага берилген. Мэрдин айтымында, мынчалык чоң аянттагы жана узак мөөнөттөгү жерлер үчүн жалпысынан болгону 11 миллион сом гана ижара акысы төлөнүп келет.
Бул каражат жердин көлөмүнө жана шаардын потенциалына салыштырмалуу өтө аз деп табылды. Учурда бул жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу жана мыйзам чегинде иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
«Шаардын байлыгы элге жана мамлекетке кызмат кылышы керек», – деп белгиледи калаа башчысы.
