Депутат Ашимбаева мугалимдер үчүн атайын көп кабаттуу үй куруп берүү керек дейт
23 декабрь

Депутат Ашимбаева мугалимдер үчүн атайын көп кабаттуу үй куруп берүү керек дейт

Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Токтобүбү Ашимбаев МинКаб төрагасынан: “Мугалимдер үчүн атайын үй курулабы?” – деп сурады.

Ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине мамлекет тарабынан үйлөр берилип жатканын мисал кылып, социалдык багыттагы: дарыгерлерге, мугалимдерге, маданият кызматкерлерине дагы үй салынышы керек деген пикирин жолдоду.

“2026-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 709,4 миллиард сомго жетет экен. Мен муну МИК өлкөнүн бардык аймактарына үйлөрдү курат деп түшүнүп жатам. Дарыгерлерге, мугалимдерге, маданият кызматкерлерине максаттуу түрдө үйлөр берилеби? Мугалимдердин, айрыкча Бишкек шаарындагылардын турак жай көйгөйү курч. Алар ижарага алынган батирде жашагандыктан, жеке мектептерге кетип же миграция агымына кошулуп жатышат. Ипотекалык батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алып кетип жатышат. Мугалимдер үчүн көп кабаттуу үй куруу сунушун кандай карайт элеңиз?” – деди.

Адылбек Касымалиев МИК бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 64 миңге жакын батирлерди куруп жатканын белгиледи.

“Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери деле азыр гана алып калышты, мурда берилчү эмес. Албетте, социалдык багыттагы кызматкерлерге батир берүү көзөмөлдө, аны ишке ашырабыз”, – деди МинКаб төрагасы