Жогорку Кеңеш бюрократиядан арылуу боюнча реформалардын алкагында иштелип чыккан мыйзамдардын масштабдуу пакетин кабыл алды
Жогорку Кеңеш 2026-жылдын июнь айында бюрократиядан арылуу боюнча реформалардын алкагында иштелип чыккан мыйзамдардын масштабдуу пакетин кабыл алды.
Бул реформа КР Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө. Ушул алкакта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев тарабынан ондогон ченемдик укуктук актылардан (ЧУА) турган ири пакет демилгеленип, анын олуттуу бөлүгү ушул жылдын июнь айында кабыл алынды.
Кабыл алынган мыйзамдар жүз миңдеген жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүп, мамлекеттик органдардагы административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган. Муну менен катар жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу инвестициялык климат түзүлүп, мамлекеттик башкаруунун заманбап механизмдери киргизилет.
ЧУА долбоорлору Бюрократиядан арылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында даярдалган. Комиссия өзүнүн 15 айлык ишмердүүлүгүндө 150гө жакын ЧУА долбоорун иштеп чыгып, демилгелеген. Алардын басымдуу бөлүгү кабыл алынып, күчүнө кирди.
Мисалы, Жогорку Кеңеш акыркы жумаларда үчүнчү окууда төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алды:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүн реформалоо алкагында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө» жаңы базалык Мыйзам кабыл алынды. Эми жарандардын маалыматтары башка ведомстволордун базасында бар болсо, алардан кагаз түрүндөгү документтерди жана маалымкаттарды талап кылууга тыюу салынат. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү форматы ишке кирет. Башкача айтканда, жөлөкпулдар, пенсиялар жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр эч кандай арыз жазуусуз эле, тийиштүү факт катталган учурда автоматтык түрдө таризделет.
«Тышкы миграция жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» маанилүү Мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам 16 жашка толо элек жарандарга паспорт тариздөө жол-жобосун кыйла жеңилдетет.
«Юридикалык өкүлчүлүк маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам соттук өкүлчүлүктүн сапатын жогорулатууга жана Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрин киргизүүгө багытталган. Эми жарандык жана административдик иштер боюнча соттордо жеке жактардын атынан адвокаттар же Юстиция министрлиги менен Адвокатуранын Бирдиктүү реестрине киргизилген юристтер гана өкүл боло алышат.
Тийиштүү мыйзам менен КР Эсептөө палатасынын ишине жаңы ыкма жана санариптик курал катары «электрондук аудит» киргизилүүдө.
Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө жеке сот аткаруучулар институту расмий түрдө түзүлдү, ал эми Сот аткаруучулардын мамлекеттик кызматы Башкы прокуратуранын түз көзөмөлүнө өткөрүлдү.
Муну менен катар, алимент боюнча 3 айдан ашык карызы барлар үчүн 3 суткадан 7 суткага чейин автоматтык түрдө административдик камакка алуу киргизилет. Ал эми алимент төлөөдөн качкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги (Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси) 3 жылга чейин узартылып, аларга карата пробация колдонууга тыюу салынат. Карызкорлордун маалыматтары 10 жылга милдеттенмелердин онлайн-Реестрине киргизилип, алардын каалаган каржылык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү бөгөттөлөт.
Жаңы «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзам маркетплейстерди, агрегаторлорду жана санариптик платформаларды көзөмөлдөө үчүн «тармактык эффекттер» түшүнүгүн киргизет. Картелдик келишимдер боюнча доо мөөнөтү 6 жылга чейин узартылды. Мыйзамды системалуу түрдө бузган монополисттерге сот аркылуу бизнести мажбурлап бөлүп салуу коркунучу бар. Эгерде компаниялардын жалпы жылдык кирешеси 1 миллиард сомдон ашса, алардын биригүүсүн алдын ала макулдашуу милдеттүү болуп калат. Ишкерликтин жоопкерчилигин жеңилдетүү үчүн антимонополдук комплаенс (тобокелдиктердин ички аудити) киргизилет.
Ошондой эле ашыкча ченемдик укуктук жөнгө салууну жокко чыгарууну караган «КР тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамы (2026-жылдын 8-июнундагы № 84) кабыл алынды.
Маалымат үчүн:
Ведомстволор аралык комиссия иштеген мезгилде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тутумдук талдоо жүргүзүлүп, көйгөйлүү тенденциялар аныкталды. Бюрократиядан арылуу боюнча миңдеген сунуштар изилденип, алардын 300гө жакыны Ведомстволор аралык комиссиянын Протоколдорунда расмий түрдө бекитилип, КР Президентинин Администрациясынын көзөмөлү астында ишке ашырылды.
Ошентип, Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарында жүздөгөн көйгөйлүү маселелер каралып, бүгүнкү күндө 200гө жакын тутумдук тапшырмалар аткарылды. 150гө жакын ЧУА демилгеленип, анын ичинен 80ден ашык мыйзам жана токтом кабыл алынды, 25и кабыл алуунун жана/же бекитүүнүн акыркы стадиясында турат, ал эми калган мыйзам долбоорлору макулдашууда.
Муну менен катар, кабыл алынган ар бир актынын артында көптөгөн мекемелик актылар турганы белгиленди. Алардын саны көп болгондуктан, эсеби жүргүзүлбөйт.
Мисалы, юридикалык жактар үчүн статистикалык отчеттуулук формаларын кардиналдуу түрдө кыскартуу (257ден 137ге чейин) же бизнес чөйрөсү үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди 905тен 439га чейин азайтуу, мугалимдерге административдик-отчеттук жүктөмдү жеңилдетүү өңдүү маанилүү маселелер жүздөгөн институтуционалдык жана ведомстволук актылар, чечимдер жана нускамалар аркылуу ишке ашырылды. Бул чаралар 150 ЧУАнын тизмесине кирбегени менен, миңдеген жеке жана юридикалык жактардын ишмердүүлүгүндөгү бюрократиялык жүктү кыйла азайтты.
