Кыргызстандык аскерлер Екатеринбургда «Вызов» атайын күчтөр арасындагы мелдешке катышууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август

Кыргызстандык аскерлер Екатеринбургда «Вызов» атайын күчтөр арасындагы мелдешке катышууда

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн командасы атайын багыттагы бөлүктөрдүн арасында өтүп жаткан «Вызов» мелдешине катышууда.

Мелдештер 2026-жылдын 24-августунда Екатеринбург шаарындагы «Свердловск» полигонунда башталды.

Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Индиядан 40ка жакын команда катышууда.

Катышуучулар кесиптик даярдыгын, физикалык чыдамкайлыгын жана аракеттеринин биримдигин көрсөтүшөт.

Ошондой эле бөлүктөрдүн татаал жана тез өзгөрүп турган шарттарда натыйжалуу иш алып баруу жөндөмү бааланат.