«Макмал Голд Компани» компаниясынын жарым жылдык кирешеси 609 млн сомго жетти
«Макмал Голд Компани» комбинатынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы таза кирешеси 609 млн сомду түздү. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААКтан билдиришти.
Компаниядан белгилешкендей, ишкана менеджмент системасын өркүндөтүү жана башкарууну натыйжалуу жүргүзүүнүн эсебинен чыгашалуу өндүрүштөн туруктуу иштеген жана кирешелүү комбинатка айланды.
2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. Ал эми 2023-жылы комбинат 20 млн сом киреше алган. 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду, 2025-жылдын жыйынтыгында 741 млн сомду түзгөн.
Учурда ишканада өндүрүштү модернизациялоо, техникалык базаны жаңылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Кыргызалтын» ишканасында бул чаралар өндүрүштүн натыйжалуулугун мындан ары жогорулатууга жана ишкананын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталганын белгилешти.
