Президент Балыкчы шаарына жаңы мэр дайындады
14 июль

Президент Балыкчы шаарына жаңы мэр дайындады

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жантаев Баатырбек Темиржанович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.