Балдар үчүн ишеним телефону: 2025-жылдын 8 айында 47 302 чалуу кабыл алынды
2025-жылдын 8 айында «Ишеним телефонуна» 47 302 кайрылуу келип түшкөн (бул суткасына орточо 194 чалуу же айына 5 912 чалуу). Анын ичинен 1 800 абонент консультация же жардам суроо менен кайрылышкан (анын ичинен балдар – 755 же 42,0%, чоңдор – 1 045 же 58,0%). Алардын ичинен 1 294 кайрылууга консультация жана сунуштар берилген, 349 абонентке психологиялык кеңеш көрсөтүлгөн, ал эми 157 кайрылуу райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына, ошондой эле ички иштер органдарына багытталган.
1 800 чалуунун ичинен: эркектер – 15,7%, аялдар – 42,3%, балдар – 11,6%, кыздар – 30,3%.
Абоненттердин көпчүлүгү (374, анын ичинен 318 бала) баланын тарбиясы жана жүрүм-туруму, ата-эне менен баланын мамилеси боюнча кайрылышкан. 344 абонент (анын ичинен 16 бала) социалдык жардам суроо менен кайрылса, 241 абонент (169 бала) психологиялык оорулар боюнча кайрылышкан.
Башка категориядагы кайрылуулар төмөнкүлөрдү камтыйт: жардам көрсөтүү (9,5%), билим берүү системасына байланыштуу суроолор (6,7%), балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук жөнүндө билдирүүлөр (6,6%), үй-бүлөлүк мамилелер жана чатактар (5,3%), борбордун иши боюнча маалымат алуу (3,5%), медициналык камсыздоо (2,4%), үй-бүлөлүк зомбулук (2,3%), балдарды көз жаздымда калтыруу (1,9%), мамлекеттик органдардын ишине даттануулар (1,8%), мектептеги рэкет (1,2%) жана суицид (1,1%).
Чалуулардын географиялык бөлүштүрүлүшү:
* Бишкек шаары – жалпы чалуулардын 24,8%
* Чүй облусу – 9,5%
* Жалал-Абад облусу – 5,4%
* Ош шаары – 4,3%
* Ош облусу – 4,3%
* Ысык-Көл облусу – 3,5%
* Баткен облусу – 2,2%
* Нарын облусу – 2,2%
* Талас облусу – 1,3%
* Анонимдүү чалуулар – 42,5%
Белгилей кетүүчү жагдай, көпчүлүк маселелерди чечүү үчүн тиешелүү кызматтардын кийлигишүүсү талап кылынат. Натыйжада 157 кайрылуу райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына багытталган – 129 (82,2%), ички иштер органдарына – 27 (17,2%), Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (112 кызматы) – 1 (0,6%).
Коомдук кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин негизинде кыйын жашоо кырдаалында калган үй-бүлөлөр жана балдар өз убагында аныкталып, төмөнкү багыттар боюнча чаралар көрүлдү: балдарга карата ырайымсыз мамиле, үй-бүлөлүк зомбулук, балдарды көз жаздымда калтыруу, социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чатактар, мектептеги рэкет ж.б.
2025-жылдын 8 айындагы кайрылуулардын саны (1 800 чалуу) 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (1 326 чалуу) 35,7%га өскөн.
