Чүй облусу аймагында 131миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысы милициянын подполковниги А.Айтбеков жана орун басарлары, ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары издөө тобунун тескөөчүлөрү жети ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 131миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Алардын ичинен:
Мас абалында унаа башкарган – 1 469 айдоочу;
Автоээнбаштык жасаган – 75 айдоочу;
Тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 4 363 айдоочу;
Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар – 3 986 факты;
Терезелерин караңгылаткан – 447 айдоочу;
Жол белгилерине баш ийбеген – 35 325 айдоочу;
Ылдамдыкты ашырып айдаган – 41 802 айдоочу;
Башка жол эрежелерин бузган – 5 724 айдоочу.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 7 747 унаа айып короо жайына токтотулган.
Кеңешменин соңунда, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысы милициянын подполковниги А.Айтбеков кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында рейдтик иш-чараларды күчөөтү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар коюулду.
