Султан Кермалиев бир айга жетпей Балыкчынын мэри кызматынан бошотулду
14 июль

Султан Кермалиев бир айга жетпей Балыкчынын мэри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Султан Кермалиев 2025-жылдын 1-июлунда мэрлик кызматка дайындалган.