Чүй облусунда мектеп окуучусун унаа менен сүзгөндүгү үчүн шектүү кармалды
2025-жылдын 28-ноябрында болжол менен саат 11:30 чамасында Сокулук РИИБге Сокулук айылынын Фрунзе жана Краснодар көчөлөрүнүн кесилишинде жол-унаа кырсыгы болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу чыккан. Окуяны текшерүүдө аныкталгандай, 1987-жылы туулган К.А. аттуу жаран «FAW-CAZ250P62K2T1E» үлгүсүндөгү (Хово-самосвал) чоң жүк ташуучу унааны башкаруу учурунда чыгыштан батышка карай кыймылдап, Фрунзе көчөсүнөн Краснодар көчөсүнө солго айланып, жолдун түштүк тарабында бараткан Сокулук айылынын 2009-жылы туулган К.А. аттуу мектеп окуучусун унаа менен сүзгөн. Натыйжада мектеп окуучусу ошол жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Айдоочу К.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бардык керектүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
