Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
2025-жылдын 6-август күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кара-Куурай» иш-чарасы жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында иш алпарышты.
Иш-чаранын алкагында Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагында кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды.
Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүшүүдө.
