«Кыргызстан аэропорттору» ААК жана «Скай Мобайл» ЖЧК кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүштү
«Кыргызстан аэропорттору» ААК жана «Скай Мобайл» ЖЧК телекоммуникациялар жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Документ өлкөнүн аэропортторунда заманбап сервистерди, анын ичинде мобилдик жана туруктуу байланышты, интернетти, булутка негизделген чечимдерди, IoT-технологияларды жана биргелешкен маркетингдик демилгелерди киргизүүгө багытталган.
Кызматташтык жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын авиация тармагын санариптик трансформациялоо менен колдоого мүмкүндүк берет.
