Бишкектин айрым аймактарында 2-сентябрда таза суу жок болот
30 август

Бишкектин айрым аймактарында 2-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 2-сентябрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Байтик Баатыр көчөсү – М.Горький көчөсү – Л.Толстой көчөсү – Ж. Пудовкин  көчөсү – Кулатов көчөсү – И.Ахунбаев көчөсү.

Диаметри 300 мм болгон суу түтүгүнүн алынышына байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.