Кар көчкүдөн сак болуңуз! ӨКМ айдоочуларга кайрылды
21 январь

Кар көчкүдөн сак болуңуз! ӨКМ айдоочуларга кайрылды

ӨКМ айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жалпы жарандарды кар көчкү учурунда сак болууга чакырат.

Ал үчүн төмөнкү эрежелердин так сакталышын эскертет.

• Алгач аба ырайына көңүл буруңуз;

• Унаа жолдорунун абалын эске алыңыз;

• Жаныңызда дайыма: термос ысык чайы менен, күрөк, чынжыр болсун;

• Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыз;

• Эгерде кар көчкү алдында калсаңыз: дүрбөлөңгө түшпөңүз, катуу добуш чыгарбаңыз, көчкү токтогондо көкүрөк тарабыңызга боштондук жасоого аракет кылыңыз

• Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.