Кыргызстандагы тогуз айылдын аталышы өзгөртүлдү
21 январь

Кыргызстандагы тогуз айылдын аталышы өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөнкү айылдардын аталышын өзгөртүлөт: 

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды,
  • Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде,
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев,
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан,
  • Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов,
  • Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя,
  • Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр,
  • Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо.