
Саламаттык сактоо министри: «Ананьево айылындагы жаңы оорукана — келечек муундардын саламаттыгына инвестиция»
Ысык-Көл облусу, 2025-жылдын 17-майы – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жумушчу сапарынын алкагында Ананьево айылына барып, ал жердеги 100 орундуу жаңы көп тармактуу оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Долбоордо хирургия, реанимация, төрөт жана башка бөлүмдөр каралган. Бул калктын сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет. Учурда Ананьеводогу медициналык кызмат көрсөтүү 25 орундуу соматикалык бөлүм менен чектелүү, бейтаптардын көбү дарылануу үчүн Чолпон-Ата шаарына кайрылууга мажбур болушат.
Курулуш иштери план боюнча жүрүп жатат. Объектти долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыктын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы аныкталган.
«Мындай оорукана куруу – бул келечек муундардын саламаттыгына болгон инвестиция. Жаңы стационар Ананьево айылынын жана жакынкы аймактардын тургундарына керектүү медициналык жардамды үйүнө жакын жерден алууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи министр Эркин Чечейбаев.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ишке ашырылууда.