Ысык-Көлдө 44 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
14 июль

Ысык-Көлдө 44 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Түп районунда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан, аянты 4,5 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

Мындан тышкары, Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Кызыл-Суу жана Оргочор айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жалпы аянты 23 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелер жарандардын менчигине мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, жалпы 44 миллион 806 миң сомдук жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелер кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо жана жер ресурстарынын мыйзам чегинде пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү багытындагы иштерди улантууда.