Бишкекте 31-августта айрым көчөлөр жабылат
31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу, Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, ошондой эле Абыдмомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин жабылат.
Мэриядан аталган тилке 31-август таңкы саат 06:00дөн тартып түнкү саат 00:00гө чейин жабык болорун эскертишти.
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайт жана ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну, каттамыңызды алдын ала пландоону суранат.
