www
3 июнь
Атамбаев көйгөйдү ачык айтып чыккандарды ИИМ кызматкерлери кармап жатканын билдирди
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев ага Аламүдүн районуна караштуу Байтик айыл аймагындагы Кайырма айылынын тургундарынын атынан Өкмөткулов Самат аттуу жаран кайрылганын билдирди.
“Кайрылууда кээ бир чиновниктердин жеке кызыкчылыгынан улам тоолор казылып, жайыттар талкаланып, экологиялык зыян келтирилип, Кызыл китепке кирген гүлдөр казылып жатканы жазылган. Анын айынан эл арасында астма, аллергия оорусу менен жабыркагандар көбөйгөн. Ушул көйгөйлөрдү көтөргөн жигиттер ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалып, конституциялык укуктары бузулуп жатат”, – деди депутат.
Атамбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековдон мындай аракеттердин мыйзамдуулугун текшерип коюуну суранды.
