Кыргызстан менен Казакстан баштапкы медициналык-санитардык жардам жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо
КР Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев Казакстан Республикасынын “Primary Health Care” Улуттук ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, Казакстан Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги Толебай Рахыпбеков жана аталган ассоциациянын саламаттык сактоо менеджменти боюнча көз карандысыз эксперти Инна Стратулат менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, саламаттык сактоо тутумунун туруктуу каржыланышын жана калктын медициналык кызматтардын сапатын көзөмөлдөөгө активдүү катышуусун талкуулашты.
Министр Эркин Чечейбаев Кыргызстан менен Казакстандын саламаттыкты сактоо системасынын өнүгүүсүнүн тарыхы окшош экенин жана окшош кыйынчылыктарга туш болгонун баса белгиледи.
Ал Казакстан акыркы ондогон жылдарда баштапкы жардамды системдүү өнүктүрүп, мультидисциплинардык командалардан баштап санариптик чечимдерге чейин инновациялык ыкмаларды киргизип жатканын баса белгиледи.
Профессор Рахыпбеков Казакстандагы 29 мыкты тажрыйба борборун түзүү боюнча тажрыйбасы менен кеңири бөлүшүп, бул борборлор ДССУнун Европалык бюросу тарабынан демонстрациялык платформа катары таанылганын белгиледи. Ал ошондой эле бир катар алдын алуу демилгелери менен бөлүштү — дени сак айыл мектеби программасы, өспүрүмдөр жана ата-энелер менен репродуктивдик ден соолук боюнча иштөө, эмчек рагын өз алдынча текшерүү демилгелери, 45 жаштан ашкан эркектердин арасында өнөкөт ооруларды эрте аныктоо ж.б.
Жолугушуунун соңунда тараптар саламаттык сактоо системаларын модернизациялоодо комплекстүү жана системдүү мамилелерге кызыкдар экенин тастыктап, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
