Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды
25 февраль

Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Бүгүн Бишкек шаарындагы "Чоң-Арык" конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. 

Жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталган.

Борбор 26 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Имаратта бейтаптарды ыңгайлуу кабыл алуу, дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Борбордо бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган.

Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.


Маалымат катары: ҮМБнын №2 филиалы 1996-жылы түзүлүп, бир нече жылдар бою “Чон-Арык” айылында жана "Орок" конушунда жайгашкан. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар жараксыз абалга келип: тамдары тешилип, фундаменти чөгүп, ооруканалардын иштөө жана пациенттерди кабыл алуу шарттары заманбап талаптарга жооп бербей калган. Ошондуктан, Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен “Чон-Арык” конушундагы, Семетей көчөсү, 6 дареги боюнча 2,3 гектар аянтка жаңы медициналык мекеме куруу үчүн жер бөлүнгөн. 2024-жылы курулуш башталып, 2025-жылдын февралында расмий ачылды.