Оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Жалпы 82 млн.753 миң 500 сом айып салынды
6 август

Оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Жалпы 82 млн.753 миң 500 сом айып салынды

Акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар байкалууда. Ошондой эле оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду булгап, же талкалап койгон учурлары да катталууда.

Мындай жол кырсыктарынын жана жол бузууларынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан оор жана кооптуу жүктөрдү (күйүүчү-майлоочу материалдарды, жардыргыч заттарды, кысылган, суюлтулган, тез күйүүчү, уулуу, радиоактивдүү жана башка заттарды) ташыган транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын аймагында «Кооптуу жук» жана “Оор жүк” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чара 2025-жылдын 23-июлдан тартып өткөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 82 млн.753 миң 500 сом айып салынды.

Оор жана коопту жүктөрдү ташуучу унааларды текшерүү рейддик иш-чарасы мындан ары да улантылат.