Таластагы сууга агып бара жаткан 3 кызды куткарган милиция кызматкерлери сыйланды
14 июль

Таластагы сууга агып бара жаткан 3 кызды куткарган милиция кызматкерлери сыйланды

Бүгүн 14-июлда сууга агып бара жаткан 3 кызды куткарган Талас ОИИБдин кызматкерлери Эркин Койкумбаев, Руслан Акматов жана Талас районунун Арал айылынын тургуну Бактыгул Жаныбеков “Таза коом үчүн” коомдук бирикмеси тарабынан ардак грамота жана төш белги менен сыйланышты.

Иш-чарага Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев жана өздүк курам катышты. Сыйлыкты коомдук бирикменин төрагасы Рыспай Сарногоев тапшырып, аларга жаш өмүрлөрдү сактагандыгы үчүн жана кыргыз милициясынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Милиция жаш өспүрүмдөрдү шар аккан суу бойлоруна жөнөтпөөнү жана көзөмөлү жок калтырбоону эскертет.