Карыздан камак менен кутулуу механизми – Жороев россиялык ишкер туш келген акыйкатсыздык тууралуу айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде жарандык укуктардын бузулушу тууралуу маселени көтөрдү.
Айтымында, ага россиялык жаран кайрылган.
“Россиялык ишкердин компаниясына жеке аудитордук компания текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ири суммадагы зыян келтирди деген бүтүм чыгарган. Анын айынан ишкер 2,5 ай тергөө абагында болгон. Кийинчерээк башка аудитордук компания тарабынан дагы текшерүү жүргүзүлгөн дагы, мурдагы текшерүүнүн жыйынтыгынан олуттуу айырмаланган бүтүм чыгарылган. Биринчи текшерүүдө мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Адилеттүүлүк бардык жаранга бирдей болушу керек. Аудитордук корутунду адам тагдырып чечип жатса, анда анын мыйзамдуулугу жана калыстыгы кылдат каралышы керек”, – деди депутат.
Жороев белгилегендей, мыйзам бузуу менен текшерүү жүргүзгөн аудитордук компания – “Аудит консультант” ЖЧКсы. Директору – Хамданов Бабур.
Ал эми анда 3 аудитор бар жана алардын сертификаты бирдиктүү реестрде жок.
“Камалып чыккан ишкер акчасын берип, бирок товарын ала алган эмес. Ошондо, ага берилчү товарды “обратный механизм” менен жаап коюшуптур”, – деди Жороев.
