Талиева баатыр энелерге жашоо минимумунан кем эмес компенсация төлөөнү сунуштоодо
23 декабрь

Талиева баатыр энелерге жашоо минимумунан кем эмес компенсация төлөөнү сунуштоодо

Депутат Камила Талиева өлкөдөгү баатыр энелерге кошумча акчалай төлөм төлөп берүүнү сунуштады.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда бүгүнкү учурда 34 764 баатыр эне бар. Алар пенсиясына кошумча төлөм катары миң сом алышат.

“Баатыр энелердин пенсиясына миң сом кошууну биз 2011-жылы кабыл алганбыз. Ошондон бери өзгөрүлбөй турган. Баатыр энелерге жолуксаң, пенсиялары аз экенин, кошумча миң сом эч нерсеге жетпей калганын айтышат. Чынында инфляциянын шартында миң сом эч нерсеге жарабайт”, – деди ал.

Депутат белгилегендей, учурда бул боюнча мыйзам долбоору даяр, эми аны өкмөт менен биргеликте жумушчу топ менен чогуу иштеп чыгуу керек. Талиева МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевден ага жумушчу топ берүүнү суранды. Андан сырткары мыйзам долбоорунда кошумча төлөм жашоо минимумунан кем эмес каралганын белгиледи.

Камила Талиева буга чейин өзү демилгелеген мыйзам долбоорунун негизинде, чек ара аймактарынын жашоочуларына 3 баладан баштап 3 миң сом кошумча төлөм төлөө жобосу киргизилгенин, ал 2026-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилерин кошумчалады.