“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
6 август

“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн радиациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу болуп саналат.

Мыйзам радиациялык коопсуздук, радиоактивдүү булактарды, радиоактивдүү калдыктарды иштетүүдө, ташууда, утилдештирүүдө жана көмүүдө аларды көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жана алдынкы тажрыйбаларга ылайык жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

– Мыйзамда пайдаланылуучу төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр киргизилет: жөнгө салуучу мамлекеттик орган; мониторинг; иондоштуруучу нурлануу булактары, радиоактивдүү заттар жана калдыктар менен иштөө; медициналык нурлануу; радиоактивдүү калдыктар; иондоштуруучу нурлануу булагы;

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр;

– радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аткарылуучу функциялардын кайталанышына жол бербөө максатында жана алардын функцияларын күчөтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясына өзгөртүүлөр киргизилди;

– радиациялык коопсуздук маселелерин натыйжалуу чечүү максатында мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди;

– калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонуу менен медицина, өнөр жай жана айыл чарба чөйрөсүндө жаңы коопсуз технологияларды киргизүү жана пайдалануу.